Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында “Жашыл чек ара” кооперативдик интенсад долбоору ишке ашырылууда. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында айыл чарба багытындагы 100 гектар жерге тез өсүүчү алма, алмурут, нектарин жана алча бактары отургузулат.

Кооператив көчөттөрдү отургузуу үчүн атайын техника менен жабдылып, тамчылатып сугаруу системасы менен ишке ашырылат. Ошондой эле чогултулган продукцияны сактоо үчүн сыйымдуулугу 5 миң тоннага чейинки негизги сактоочу жайды, анын ичинде жуугуч, сорттоочу, калибрлөөчү жана таңгактоочу жабдуулар үчүн жайларды куруу күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, өндүрүлгөн продукция экспортко багытталып, ошондой эле республиканын базарларында жана супермаркеттеринде атайын текчелер аркылуу сатылат.