Коом

Россотрудничество Кыргызстандын мектептерине 20 миң китеп берет

Быйыл Бишкек жана Ош шаарларындагы «Русский дом» борбору мектептерге 20 миң китеп берет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев билдирди.

Аталган мекеме мындан бир нече күн мурун Эл аралык китеп берүү күнүнө карата мектептерге үч миң китеп белек кылган.

«Биз Кыргызстандын мектептерине китептерди тарата баштадык. Быйыл Бишкек жана Ош шаарларындагы «Русский дом» борбору өлкөдөгү мектептерге жалпысынан 20 миң китеп берет», — деди Альберт Зульхарнеев.

Алар:

«Алтын түйүн» академиясы (Бишкек);

№48 мектеп (Бишкек);

Д. Дүйшөбаев атындагы мектеп (Талас облусу);

Акчал у. Дүйшөн атындагы мектеп (Талас облусу);

Кыргызстандын 40 жылдык атындагы №16 мектеп (Ош);

«Олимп» мектеби (Ош);

С. М. Киров атындагы №4 мектеп (Ош);

Ю. А. Гагарин атындагы №17 мектеп (Ош).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button