Коом

Үй курган компанияларга котлован казуу этабында акча чогултууга тыюу салынат

Мындай иштер ушул жылдын биринчи кварталында жүзөгө ашырылат.

Кыргызстанда көп кабаттуу үй курган компанияларга котлован казуу этабында кардарлардан акча чогултууга тыюу салынат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жүзөгө ашырылат.

«Курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек. Кардарлар менен курулуш компанияларынын ортосунда банк кепил болуп бериши шарт. Эл ушул банкка депозит катары акчасын салат, андан соң алар фирмаларды төмөн пайыз менен каржылайт», — деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, курулуш компанияларынын 30 пайызы ач көздүк кылып бир үйдү бүтүрүүнүн ордуна эки-үч котлованды казып, ал жактан да акча чогултуп баштайт. Эми мындай мехнизмдерге өкмөттүк деңгээлде тыюу салынмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button