Бүгүн, 17-февралда таң эртеден тартып № 38, 42, 48 маршруттук каттамга жаңы автобустар чыга баштады.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт департаменти автобустар каттамга эмки жумадан тарта чыгары пландалып, учурда документтештирүү жана номерлерди алуу процедуралары жүрүп жаткандыгын билдирген.