Коом

Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

КР өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим КР өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынды.

Мындан улам жана “КРнын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, төмөнкү чечимдер күчүн жоготту деп таанылды:

1) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button