КоомКылмыш-кырсык

Сүлүктүдө уурулук фактысынын бети ачылып, уурдалган телефон ээсине кайтарылды

Сүлүктү ШИИБдин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери шаар аймагындагы мурда болгон кылмыштардын бетин ачуу, мындан сырткары кылмыштуулукту алдын алуу максатында эки күндүк “Уурулук” рейдин өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы тургундар менен кылмыштуулукту болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаарда жайгашкан дүкөндөрдө уурулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында 21 дүкөндүн ээсине видеобайкоо жана эшик терезелерине темир тосмо коюу жагы эскертилди. Ошондой эле мурда катталган бир уурулук фактысынын бети ачылып, уурдалган телефон өз ээсине кайтарылды. Азыркы күндө керектүү материалдар тергөө кызматына чогултуп берилип, тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button