Коом

Бишкекте ата-энелерге суициддин алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлдү

Бишкектеги №54, 81, 83 мектептердин 8, 9-класстарынын окуучуларынын ата-энелери үчүн балдардын жана өспүрүмдөрдүн суицидинин алдын алуу боюнча окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук билим берүү борбору тарабынан зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борборунун психологдору, өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте «Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйышы», «Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу», «Жашоонун оор кырдаалына кабылган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо» темасында лекциялар окулуп, социалдык роликтер көрсөтүлдү.

Жолугушуулардын негизги максаты — мектеп окуучуларынын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, ата-энелер үчүн ушундай иш-чаралар райондун башка мектептеринде да өткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button