Коом

Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бирикмесинин курамына «Тумар», «Накта», «Элдик кол өнөрчүлүк союзу», «Кыргыз стили», «Алтын кол Нарын, Алай» жана башка ири бирикмелер кирет. Алардын баары чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштешет. Бирок кол өнөрчүлөрдүн айтымында, дүйнөлүк рынокко чыккан товарлардын сапатын көзөмөлдөө зарыл. Ал эми көзөмөл биргелешип иштегенде гана болот.

«Ушул убакка чейин кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрү менен бир дагы мамлекеттик орган алектенген эмес. Тилекке каршы, сапаты начар буюмдар жергиликтүү, жада калса эл аралык рынокко чыгып жатат. Ошол эле учурда кээ бир кол өнөрчүлүк цехтери кыргыздын каада-салтын сактабай, улуттук сувенирлерибизди, кийим-кечелерибизди чыгарышат. Башкача айтканда бул арзан баага ээ болуу үчүн бурмаланып жатат. Биз Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, сапатсыз товарларды чыгарбашыбыз керек», — дейт ассоциациянын мүчөсү Нургүл Артыкбаева.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button