Финансы министрлиги 2023-жылдын март айында мамлекеттик казына векселдеринин (МКВ) жана мамлекеттик казына облигацияларынын (МКО) алдын ала чыгаруу көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Маалыматка ылайык, 6 жана 13-мартта министрлик 60 млн сомдон МКВ чыгарууга даяр. Аны менен мамлекеттин ички карызы 120 млн сомго жогорулайт.