Коом

Кыргызстанда пенсиялык топтоолордун төлөө тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргызстанда Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык топтоолорду төлөө эрежелери өзгөртүлдү. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.

Жаңы эрежелер жарандарга пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекалык насыясын төлөөгө же «МИК» ААК тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасы боюнча кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу келишими боюнча төлөмдөргө тийиштүү.

«Бул укук төлөмдөрдүн жалпы суммасы насыя боюнча карыздын калдыгынан ашпаган жана беш жүз эсептелген көрсөткүчтөн (50 миң сом) кем болбогон шартта ипотекалык насыя алып жаткан же ипотекалык насыясы бар жубайларга да тиешелүү. Мындан тышкары, бул укук тиешелүү тизмеде саналган оор оорулардан жапа чеккен жарандардын балдарына, ата-энелерине жана жубайларына да берилет», — деп белгиледи мекеме.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу органдар менен коммерциялык банктар эми электрондук түрдө өз ара аракеттенишип, тастыктоочу иш кагаздардын санын кыскартып, иш кагаздарды кароо процедурасын жөнөкөйлөштүрө алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button