ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында 2023-жылдын 5-март күнү полктун Талас облусунда жайгашкан атайын операциялар отрядынын өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерди.

 

Атайын операциялар отрядынын материалдык базасы менен жакындан таанышкан милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев күжүрмөн даярдыкты күчөтүүнү, кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарууну жана кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатууну тапшырды!

Жыйынтыгында «АЙГАЙ» белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде полктун Талас облусундагы атайын операциялар отрядынын өздүк курамынын чогулушуна “жакшы” деген баа берилди.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы