Коом

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолукту

Бүгүн, 10-март күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана министрдин орун басары Нурбек Абдиев ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушту.

   
Жыйындын жүрүшүндө эң орчундуу маселелер, анын ичинде ички иштер органдарынын ардагерлерине коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдиктерди берүү, көмүр менен камсыздоо, ошондой эле пенсионерлердин актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болгон турак жай жана пенсияны көтөрүү маселелери талкууланды.
Ардагерлердин сунуш-пикирлерин уккандан кийин ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жыйында көтөрүлгөн маселелер жакынкы аралыкта чечилерин убада кылды.
«Биз сиздердин бардык көйгөйлөрдү жана сунуштарды жазып алдык. Жакында ички иштер органдарынын пенсионерлерине жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлөт»,-деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button