Бишкектеги Нагима Аламанованын жана анын шакирттеринин «Илме» аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү Семён Чуйков атындагы арт-галереясында (Эмен паркы) ачылышы болуп, 30-мартка чейин көрүүчүлөрдү кабыл алат.
Көргөзмөдө керамикалык чыгармалар жана уникалдуу автордук саймалар тартууланат.
«Бул долбоордун концепциясы кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салтын сактоо жана жайылтуу идеясын билдирүүгө негизделген. Көргөзмөнүн концептуалдык башкы мааниси саймачылык өнөрдүн, анын салттык түрлөрүнүн, аткаруу ыкмаларынын, оймо-чиймелеринин жана колориттик өзгөчөлүктөрүнүн сакталышына, муундан-муунга өткөрүлүшүнө багытталган», — деп жазылат маалыматта.
Көргөзмөгө чыгармачылык менен ойлонуштурулуп, оригиналдуу форматта планаштырылган эмгектер коюлары белгиленген.
Нагима Аламанова — Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөт искусствосу боюнча илимдин кандидаты. Анын эмгектери Малайзиядагы жеке көргөзмөдө, Италияда өткөн Дүйнөлүк сайма көргөзмөсүндө, Азербайжанда, Өзбекстанда өткөн симпозиумда жана башка көргөзмөлөрдө коюлган.