Бүгүн, 15-мартта республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Тандоо республиканын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго дем берүү жана илгерилетүү максатында жүргүзүлгөн.

Кыргызпатент тандалып алынган долбоорлорду 1000 000 сомго чейин каржылайт.

Маалымдама: Тандоого жалпысынан 98 өтүнмө келип түшкөн. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 28 долбоор алдын ала тандалып, катышуучулар бизнес-пландоо, маркетингдик көндүмдөр жана питчинг боюнча эки айлык акселерациялык программадан акысыз негизде өтүшкөн. Андан соң, долбоорлорду алардын тармактык тиешелүүлүгүнө жараша көз карандысыз эксперттер тандоонун критерийлерине ылайык, баалап беришкен.

13-мартта Кыргызпатенттин Коллегиясынын отурумунда Ведомстволор аралык комиссиянын чечими жактырылды.

Кыргызпатент тарабынан демилгеленген «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча, республиканын региондорунда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен 8 долбоор каржыланат.

1.“Basааlam”, Апитаев Автандил, Чүй облусунун Чуй району, – бул БЦП менен ооруган балдарды жана жамбаш-кашка жилик бел курчоонун жана арка омуркалардын майыптыгын калыбына келтирүү, толук жана жарым-жартылай шал оорусуна алып келген ар түрдүү неврологиялык ооруларды жана инсульттан кийин калыбына келтирүү үчүн ортопедиялык ылайыктыштырылган буюмдарды даярдоо боюнча цехи.

2. Дуулатов Айжигит, Джалал-Абад облусунун Ала-Бука району. Кара өрүктү жана жапайы алманы сорттоо, жууп жана буу менен иштетүү боюнча ырааттуулук чынжырын орнотуу аркылуу кургаткыч цехти жанылоо.

3. Досатов Замибрек, Баткен облусунун Кадамжай району. Аз түшүм берүүчү дөнсөөлүү жерде биогумусту пайдалануу менен кызыл өрүк бакчасын «акылдуу» тамчылатып сугаруу.

4.Туратбекова Жибек, Ош облусунун Чоң-Алай району. Кол өнөрчүлөрдүн арасында ишкердикти өнүктүрүү.

5. Аскарбеков Нурдоолот, Талас облусунун Талас району. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген балдар үчун колдун дизайнердик 3D-протездери.

6. Джунушев Данияр, Чүй облусунун Ысык-Ата району. «Ранчо»
агрокомплексинин ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана «Акылдуу ферма» башкаруу системасын ишмердүулүктө жайылтуу.

7. Толомушев Турсунали, Баткен облусунун Баткен району. «Өрүк Курут» жаңы азыгын массалык иштеп чыгаруу жана аны патенттөө.

8. Осмонова Жыпаркул, Нарын облусун Нарын району. Малина, чычырканак, өрүк кошулган сүзмө.