Коом

Баткенде бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «кайнене-келин» жарышы өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «кайнене-келин» жарышы болуп өттү.

Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чараны Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты, Баткен райондук хатибияты, «Адеп башаты» диний уюму жана «Муаз Ибн Жабал» медресеси биргеликте уюштурган. .

Жарышта 15 кайнене, 15 келин ат салышты. Программанын алкагында катышуучулар буга чейин окуу үчүн жарыяланган «Мусулман үй-бүлө» китебинен тест тапшырып, он мүнөттүн ичинде кайнене-келин биргеликте салат жасап беришти.

«Иш-чаранын негизги максаты кайнене-келиндердин ортосундагы мамилени, ынтымакты чыңдоо жана китеп окууга кызыгуусун арттыруу болуп саналат», – дейт Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Уулкан Дүйшеева.

Кеченин соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучулардын бардыгына кызыктыруучу белектер жана казыят тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button