Коом

Гумжардам таратса 6 айдан кийин отчётун жарыяласын. Мыйзам долбоору каралууда

Чет мамлекеттерден жана башка донорлордон келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча элге отчёт берилсин.
Мындай мыйзам долбоорун депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Айсара Абдибаева, Винера Раимбачаева жана Тазабек Икрамов демилгеледи. Документ парламентте биринчи окуудан кабыл алынды.
“Пандемия же кырсык болобу чет өлкөдөн көптөгөн акчалай же материалдык түрдө гуманитардык жардамдар келет. Бирок көп өтпөй “гумжардамды бекер таратпай базарда сатып жатат, тигиге көп, буга аз болду, жең ичинен берип атыптыр” деп талаш чыгат. Мыйзамды анализдеп көрсөк жоопкерчилик жок экен. Кандай принциптер менен кимге таркатылганы боюнча отчёт бере турган механизми жок болгон”, — деди башкы демилгечи Нуржигит Кадырбеков.
Мындан улам гуманитардык жардам келсе алты айдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу отчётту сайтына ачык жарыялоого милдеттендирүүнү сунушташкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button