Министрлер Кабинети Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейинки ченемдик укуктук актылардагы айрым коллизиялар кездешип келгендигине байланыштуу, бул багыттагы иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй келген. Эми жаңы кабыл алынган Жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилет жана тездетилет. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жарандардын сунуштары дагы эске алынды.

Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин биринчи ирээтте жөнөкөйлөтүү, андан кийин аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пунктар жаңы редакцияда берилди. Жер мунапыс объектисине мурда катталган укуктар болгон учурда укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө ченемдерди киргизүү зарылдыгына байланыштуу тиешелүү пункт жаңы редакцияда кабыл алынды. Мындай учурлар боюнча жаңы Жобо жер участогуна чектөө коюу менен укукту алдын ала каттоону ишке ашыруу болжолдонот.

Бул ченем жер мунапысынын объектлерин мамлекеттик каттоодон өтүү көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат, миңдеген жарандардын жерлерине мунапыс берүү боюнча арыздарынын комиссияларда кароосу бүтүп, чечимдерин жана мамлекеттик каттоо жөнүндө актыларын колдоруна тийүүсү тездетилет.