Коом

Япония төрөттүн кескин төмөндөшүнөн улам мектептерди жабууга аргасыз болууда

Япония төрөттүн кескин төмөндөшүнөн улам өлкө боюнча, өзгөчө чакан шаарлардагы мектептерди жапырт жабууга аргасыз болууда. Бул тууралуу Кытайдын South China Morning Post (SCMP) гезити жазып чыкты.

Басылма белгилегендей, бүткүл Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кытай менен Түштүк Кореяда төрөлгөн балдардын саны азайган, бирок Жапонияда гана абал чындап эле оор бойдон калган.

2022-жылы 125 миллион калкы бар өлкөдө 800 000ден аз бала төрөлгөн. Жапон бийликтери мындай  төмөндөөнү 2030-жылга чейин гана күтүшкөн, бирок бул сегиз жыл мурун болгон.

Өлкөнүн калкы акыркы 14 жылдан бери азайып баратат. Буга чейинки эсептөөлөр Япониянын тургундарынын саны 2065-жылга чейин 88 миллион адамга чейин азая турганын көрсөтсө, азыр бул алда канча эрте болот деп айтууга негиз бар.

Өлкөдө балдардын жетишсиздигинен улам мектептер массалык түрдө жабылууда. 2002-жылдан 2020-жылга чейин эле расмий маалыматтар боюнча 9 миңге жакын билим берүү мекемелери жоюлуп, мектептерди жабуу көрсөткүчү жылына 450гө жеткен.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button