Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды.

Кыргыз футболдук союзу билдиргендей, Крестинин өз ара чечими менен кызматтан кетүүнү чечкен.

КФС тизмектегендей Крестининдин жетишкендиктери:

• 2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон.

• 2011 — «Нефтчи» ФК Суперкубоктун ээси

• 2014 — Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган

• 2017-жыл – «Дордой» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин)

• 2017, 2018 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Кубогунун жеңүүчүсү

• 2018 — FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин

• 2019 — Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты

• 2019 – «Данакер» мамлекеттик сыйлыгы

• 2019, 2021 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү

• 2022 — Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо

Белгилей кетүүчү жагдай, жаркын жеңиштердин бири Кыргызстандын Казакстан менен Түркмөнстанды биринчи жеңиши болду.

Бир нече жылдан бери ФИФАга мүчө өлкөлөрдүн курама командаларынын арасында туруктуу түрдө 100 мыкты командалардын катарына кирет.

Көптөгөн сыйлыктардын жана «Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу» сыйлыгынын ээси.