Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу жана коммерциялык унааларды чогултуу өндүрүшүн уюштуруу долбоору үч этап менен ишке ашырылат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова айтып берди.

Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын башчыларынын Кеңешинин жыйынында тараптар Кыргызстанда машина куруу тармагын өнүктүрүү жана айыл чарба шаймандарын чогултуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну макулдашкан. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында автоунаа жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган. Долбоор боюнча өзбек тараптан «Узавтосаноат», ал эми кыргыз тараптан «ДТ Техник» ЖЧКсы жана «Нур» ААКсы иш алып барат.

Айнура Үсөнбекованын айтымында, завод микроавтобус, пикап жана седан сыяктуу 19 үлгүдөгү унааларды чыгарып, анын ичинде Chevrolet, Daewoo жана Isuzu автоунаалары да кирет. Кобальт машинасы конвейерден биринчи болуп чыгат.

«Биринчи этап SKD ыкмасы боюнча өндүрүштү уюштурууну (ири масштабдуу чогултуу) 10 миң бирдикке чейин автоунааларды чыгарып, өлкөнүн жарандарынан 500 жаңы жумушчу орундарын түзүүнү камтыйт. Экинчи этапта (4-5 жылда) 1000 жаңы жумуш орундарын түзүү менен өндүрүш 20 миң автоунаага чейин көбөйөт. Ал эми үчүнчү этап — CKD (чакан жыйноо) уюштуруу, өндүрүш 30 миң автоунаага чейин көбөйөт. Ушул этаптан баштап жана келечекте транспорт каражаттарын өндүрүү үчүн тетиктерди жеткирүүчү болуп Кыргыз Республикасынын резидент-өндүрүүчүлөрү, ошондой эле өз продукциясынын тиешелүү сертификаты бар башка өндүрүүчүлөр болот», — деди ал.

«Биргелешкен заводдун курулушу жана ишке киргизилиши жаңы жумуш орундарын түзүп эле койбостон, Кыргызстандын машина куруу тармагын эффективдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт».

Завод Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында курулат. График боюнча объекттин курулушу быйыл жайында бүтүшү керек.

Кыргызстан Өзбекстан менен машина куруу тармагында өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууда буга чейин ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Жалал-Абад шаарында он жылга жакын убакыттан бери коңшу өлкөнүн автоунаа тармагы менен активдүү кызматташып келе жаткан ишкана иштейт. Соңку жылдарда завод Өзбекстанда монтаждалган жеңил автомобилдер үчүн кузовдун 30дан ашык тетиктерин жасап чыгарууну колго алган. Ишкананын жылдык өндүрүшүнүн көлөмү 2 миллион доллардан ашык деп бааланууда.

Булак: Кабар кж