Коом
4-апрелге карата аба ырайы
Бүгүн, 4-апрелде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22,
Талас, Ысык-Көл аймактарында +11…+16,
Нарын өрөөнүндө +12…+17 градус жылуу болот.
Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +19…+21 градуска чейин жетет.