Коом

Иран хиджабсыз аялдарды аныктоо үчүн камераларды орнотту

Иран бийлиги жоолугу жок  аялдарды аныктоо үчүн коомдук жайларга камераларды орното баштаганын полиция билдирди.

Полициянын айтымында, чачы жабылбаган аялдар «кесепеттери жөнүндө эскерткен SMS» алышат.

Полиция бул хиджаб мыйзамына каршылык көрсөтүүнүн алдын алат деп эсептейт.

Нааразылык акциялары өткөн жылы хиджаб кийүү эрежесин бузду деп кармалган күрт улутундагы жаш кыз Махса Амини полициянын камагында каза болушунан улам келип чыккан.

Амини айым каза болгондон бери, камакка алуу коркунучуна карабай, айрыкча чоң шаарларда хиджабы жок жүргөн аялдардын саны көбөйдү.

Ислам Республикасынын мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан полиция билдирүүсүндө система “хижаб мыйзамын бузгандарды” аныктоо жана жөнөтүү үчүн “акылдуу” камералар жана башка куралдарды колдонгону айтылат.

1979-жылдагы Ислам ыңкылабында диний мыйзамдарды катуу чечмелөө орнотулгандан бери аялдар мыйзам боюнча чачтарын хиджаб (жоолук) менен жабууга милдеттүү. Мыйзамды бузган аялдарга айып пул салынат же камакка алынат.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси өткөн ишембиде ирандык аялдар хиджаб кийүүсү керектигин «диний зарылчылык» катары кайталады.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button