Коом

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластмассаны кайра иштетүүчү завод курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фонддон билдиришкендей, ишкана жакынкы күндөрү ишин баштайт. Курулушка 20 млн сом бөлүнгөн. Каражат 2022-жылы жеке компанияга түшкөн. Ишкана буга чейин 30 жумушчуну кабыл алган, алардын орточо айлык акысы 25 миң сомду түзөт. Завод суткасына эки тоннага чейин пластмасса кайра иштетмекчи. Кайра иштетилген материал жип жана баштыктарды жасоого жумшалат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button