Спорт

Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча балбандар жалпы 7 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медал утту.

Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди.

Алтын медаль:
Акжол Махмудов (77 кг);
Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
Акылбек Талантбеков (82 кг).

Күмүш медаль:
Үзүр Жузупбеков 97 кг.

Коло медаль:
Роман Ким (130 кг);
Раззак Бейшекеев (67 кг);
Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button