Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу техникалык-экономикалык жардам долбоорлорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, ирригация, транспорт инфраструктурасын куруу, медициналык жабдууларды жеткирүү жана башкаларды талкуулашты.

Тараптар бул долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча жигердүү иштерди улантууну макулдашышты.

Кеңешчи Кытай тарап кароого берилген долбоорлорду үч этапка бөлгөндүгүн билдирди. Белгилей кетсек, «Айланма Чүй каналын куруу-2», «Заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо жана орнотуу», ошондой эле «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» долбоорлору биринчи кезектеги ишке ашырыла турган этапка кирген.

Министрдин орун басары «Айланма Чүй каналын куруу-2» долбоорунун жогорку маанисин белгиледи. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу Чүй өрөөнүндөгү сугат суунун жетишсиздиги менен суунун коромжусун жылына 400 млн м3 чейин кыскартат жана жерди суу менен камсыз кылууну жогорулатат.

Ли Юе Кытай тарап «Айланма Чүй каналын куруу-2» долбоорун быйыл, 2023-жылы ишке ашырыла турганын билдирди.

Ошондой эле кытай тараптын айтымында, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасы үчүн мобилдик оорукананын эки комплектиси алынып келиниши күтүлүүдө.

Өз кезегинде министрдин орун басары жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өрт-куткаруу техникасын жеткирүү долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге кеңешчи эки тараптуу маанилүү иш-чараларды даярдоодо кызматташуу жана ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн КР Экономика жана коммерция министрлигине ыраазычылык билдирди.