Коом

Марс Сариев: «Россиялык бизнес Кыргызстандын продукциясын өз рыногунан сүрүп чыгарууда»

Россиянын Мамлекеттик санитардык көзөмөл комитети кыргызстандык компаниянын колбасасынан чочконун эти табылды деген  билдирүүсүнө байланыштуу катуу жаңжал, орус базарларына сүт азыктарын алып чыгууга тыюу салуу – бул рынок үчүн элементардык күрөш.

Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев  билдирди.

Анын айтымында, россиялык бизнес Кыргызстандын продукциясын өз рыногунан сүрүп чыгарууда. Белгилүү болгондой, буга чейин Орусиянын көзөмөл органдары кыргыз форелинен тыюу салынган заттарды табышкан, бир нече күн мурун Кыргызстандан сүт азыктары тыюу салынган.

«Рынок үчүн баналдык күрөш жүрүп жатат. Кыргызстан өзүнүн имиджи үчүн күрөшүшү керек, Кыргызстандын продукциясы орусиялыктарга караганда сапаттуу жана экологиялык жактан таза экенин далилдеши керек. Биз тышкы рыноктордо өз позициябызды коргогонду үйрөнүшүбүз керек», — деди Марс Сариев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button