Коом

Министрлер кабинети Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселесин карап жатат

Министрлер кабинети Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан «Түтүн менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада экологиялык абалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алуу керек, анткени экология түздөн-түз калктын ден соолугуна таасир этүудө.

«Азыр биз ЖЭБди газга өткөрүүнүн баасын эсептеп жатабыз. Севеттер мезгилинде ал газ менен ийгиликтүү иштеп келген жана биз отканаларыбызды энергиянын альтернативдүү булактарына өткөрүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна ишенебиз», — деди Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы экологиялык абалга таасир эткен Бишкектеги транспорт көйгөйүнө токтолду. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн жыл аягына чейин Бишкекке газ же электр энергиясы менен жүргөн 380 автобус келерин айтты.

«Ошондой эле Кытайдан дагы 1000 автобустун келиши күтүлүүдө, алардын көбү газ менен, бир аз бөлүгү электр энергиясы менен жүрөт», — деп кошумчалады ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button