Кылмыш-кырсык

Зыян 13 млн сом. «Ысык-Ата» санаторийинде мыйзамсыз аракеттер аныкталды

“Ысык-Ата” санаториясынын жетекчилиги материалдык кызыкчылыктарды көздөп, кылмыштуу бүтүмгө барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан “Ысык-Ата” санаториясында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө санаториянын мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаториянын айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button