Чүйдө депутат трайбализмге шектелип кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүнүн депутаты кармалды.
Чүй облусунун милициясы билдиргендей, 1979-жылы туулган М.К. өткөн жылы 7-июнда тургундарды чогултуп, башка облустан келген жашоочуларга нааразы болуп, алар өз эрежелерин киргизип жатканын жана көчүп келгендерге Аламүдүн районунда орун жок экенин айткан.
Аламүдүн районунун бир нече тургуну прокуратурага арызданышкан. Прокуратура материалдарды милицияга жөнөткөн жана жогорудагы факт боюнча ушул жылы 2-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле, экспертиза дайындалып, М.К.нын айткандарында региондор аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган. Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаты кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.