Кылмыш-кырсык

Бишкекте азербайжандык фармкомпаниянын жетекчиси жана бухгалтери кармалды

Бишкекте азербайжандык фармацевтикалык компаниянын жетекчиси жана бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул компания Кыргызстандагы дарыканаларга дары-дармектерди дүнүнөн сатып, түшкөн акчаны жашырып, бухгалтердик эсепке алган эмес. Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, компания дарыгерлер менен макулдашып, дарыгерлер бейтаптарга аталган компаниянын дары-дармектерин жазып берип, “пайыздарды” алып турушкан.

“Күн мурун ички иштер органдары компаниянын бир нече даректери боюнча тинтүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталып алынган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» боюнча кылмыш иши козголду. “RV” жана “RO” ЖЧКсынын 36 жаштагы А.Э. аттуу директору жана 63 жаштагы Ц.Л. аттуу бухгалтери кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Белгилүү болгондой, аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан. Ошондой эле ал жакта компаниянын бир нече филиалы жана медициналык клиникалары бар. Компания Кыргызстанда 2018-жылдан тарта иштеп келет. Компания “RV” жана “RO” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары катары каттоодон өткөн. Бул компаниялардын Кыргызстандагы негиздөөчүсү жана жетекчиси А.Э. аттуу Азербайжандын жараны.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button