Саясат

Жайыл Русланов парламенттин басма сөз кызматынын башчысы болду

Жогорку Кеңештин Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүн мындан ары Жайыл Русланов жетектейт. Эркинбек Каимов өз каалоосу менен кызматын тапшырды, деп билдирди 12-майда парламенттин басма сөз кызматы.

Жайыл Русланов 2015-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн аяктап (бакалавр), 2017-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин магистратурасын бүтүргөн.

Ал 2016-жылдан бери Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында консультант, улук консультант жана эксперт катары эмгектенди. 2019-жылы парламенттин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button