Кылмыш-кырсык

УКМК: Ошто мыйзамсыз кумар оюндарын ойноткон жай аныкталды

 Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана жабылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 миң сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган.

Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Кыргызстандын Ж.А. аттуу жаранынан 597 миң 200 сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button