Жакырчылыктан чыга турган долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып, иштеп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, акыркы убакта социалдык тармакта оңой киреше табуу жолун жарнамалаган жалган видео тарап жатат. Анда, айына 5 миллион сом киреше тапса болоору, ал үчүн телеграм каналга катталуу керектиги сунушталат.

Орунбеков кыргызстандыктарды алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбөөгө чакырат жана аталган маалымат жалган экенин эскертет.

https://fb.watch/kxSg8xPupZ/?fbclid=IwAR0bF9YwIObU1CQP6xwO32KfcUY9iqSpixC6EwT-GUxoN-v8pzUtnP4rvGk