Коом

Ош облусунда 41 мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулушу жүрүүдө

Ош облусунун аймагында жалпы 41 мектеп, 15 бала бакча жана 3 спорт залдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп, бала бакча жана спорттук залдарды куруу облустун билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

«Ош облусунда билим берүү чөйрөсүн кеңейтүү, өнүктүрүү жана балдардын бакубаттуулугун жакшыртуу багытында натыйжалуу иштер аткарылууда. Жасалып жаткан иштер өсүп келе жаткан муундун билим алуусу үчүн жакшы шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

КР президентинин өкүлү Элчибек Жантаев курулуш иштерин убагында жана сапатту аяктоо үчүн тиешелүү кызматтардын бардык өкүлдөрүн өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылып, көзөмөлдөөдө так болууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button