Токмокто 27-май күнү “Кан басымыңды бил” акциясы өтөт
Токмок шаарында 27-май күнү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө карата “Өз кан басымыңды бил” акциясы өтөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Иш-чаранын максаты – калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле башка тобокелдиктер жана алардын татаалдашына алып келген ооруларды алдын алуу боюнча маалымат берүү.
Гипертония – кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу.
Гипертония – үнсүз өлтүргүч. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогору экенинен шек санашпайт. Гипертония маанилүү органдарга таасир этет.
Токмок шаарынын тургундары акция учурунда төмөнкү медициналык кызматтарды акысыз ала алышат:
— Кан басымын өлчөө;
— Салмагын, боюн өлчөө;
— Жүрөк-кан тамыр тобокелдигин аныктоо;
— Кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин аныктоо;
— Кант диабетине тобокелдик фактору жогору болгон учурда кандагы канттын деңгээлин экспресс-метод менен аныктоо.