Коом

Бишкекте «Батуми» кафеси бузулуп ордуна сквер курулат

Борбор калаанын Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан “Батуми” кафеси бузулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. 

Возможно, это изображение 3 человека и внутри помещения

Возможно, это изображение 2 человека

Маалым болгондой, кафе жайгашкан жер жеңил курулуш объектиси үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бирок, ижарачы жеңил конструкциянын ордуна капиталдык имарат курган. Унаа токтотуучу жайга ресторан курулган. Кафенин жалпы аянты 1300 кв.м.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.
Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Билдирүүдө айтылгандай,  аталган кафенин ордуна сквер курулат.

Возможно, это изображение 3 человека и текст

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button