Кыргызстандын Казакстан менен соода жүгүртүүсү 2018-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта 36,1 пайызга, экспорт – 62,1, импорт 24,4 пайызга өскөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Экономика министрлигинин аянтында министрдин орун басары Назарбек Малаев Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев баштаган делегация менен жолукту.

Тараптар КР менен Казакстандын ортосундагы сооданын өсүү динамикасын белгилешти.

Малаевдин айтымында, Казакстан — Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, ал Россия менен Кытайдан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Тараптар КР менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы «Ак-Тилек» жана «Кара-Суу» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин аймагына соода-логистикалык комплекстерди түзүү жөнүндөгү келишимин жактырышты. Документке жакында кол коюлат.

Бирдиктүү кыргыз-казак индустриялык соода-логистикалык комплекси түзүлсө эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн дагы да өстүрөрү күтүлүүдө.