Саясат

Ленин району боюнча кайра шайлоо өтүшү мүмкүн

Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүшү мүмкүн. Жарышты өткөрүүнүн тартиби шайлоо мыйзамдарында белгиленген.

Буга чейин белгилүү болгондой, добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ленин РИИБде үнү депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиевага окшош аял Роман аттуу агитаторлорунун бири менен добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүп жаткан аудиотасма тарагандан кийин сотко чейинки териштирүү башталды. Кечээ Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү иштери жүрдү.

Белгилей кетсек, депутаттык шайлоодо утуп чыккан талапкердин өзү бул монтаж экенин, андай сүйлөшүү болбогонун билдирген.

Бирок милиция добуш сатып алууну аныктаса, БШК Ленин районундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн. Мыйзамга ылайык, добуштардын үчтөн биринен көбүн алган талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылса, шайлоо өткөн жок деп табылышы мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button