Борбор калаада ичүүчү суунун жана канализацияны колдонуунун тарифи жогорулады. Аталган долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жактырды.

Калаа тургундарына жаңыланган дүмүрчөктөр 1-июндан баштап келе баштайт.

Суунун тарифи төмөнкүдөй болот:

шаардыктар үчүн — бир кубометр үчүн 10,45 сом (азыр 8,10);

бюджеттик мекемелер үчүн — 12,95 сом (азыр 9,10);

башка керектөөчүлөр үчүн — 18,5 сом (азыр 13).

Канализацияны колдонуу үчүн төлөм:

калкка — 3,45 сом (азыр 2,30);

бюджеттик мекемелер — 4,5 сом (азыр 3);

башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6).

Талкуу учурунда депутаттар башка керектөөчүлөр тууралуу маселени так-таасын иштеп чыгууну сунушташты. Ошондой эле мэрияга таза суунун жоготууларын азайтуу үчүн суу өлчөгүч жана эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду тездетүүнү тапшырышты.