Бишкекте мыйзамсыз курулган курулуштар алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жусуп Абдрахманов 119, дарегинде орнотулган мыйзамсыз бастырмаларды жана кеңейтүүлөрдү бузуу иштери жүрүүдө. Алсак, жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн 5 бастырма алынууда.

Андан сырткары, Тимирязев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү коомдук бакчанын курулушуна тоскоолдук жараткан капиталдык курулуш да буздурулууда. Күркө толугу менен кароосуз калган жана антисанитардык абалда болгон. Жалпы аянты 12х9 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.