Коом

ИИМдин Күзөт кызматында инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү боюнча лекциялар уюштурулуп жатат 

2023-жылдын 31-июлунда ИИМдин Күзөт кызматынын жыйындар залында ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамын руханий жактан тарбиялоого кошкон зор салымдары үчүн “Бакдөөлөт” фондунун бир катар мүчөлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Азем учурунда “Бакдөөлөт” фондунун мүчөсү С.Абдраимов өздүк курамга “Кут, Кутту уюту жана демдин күчү. Улуттун деми” тууралуу лекция окуду. 

Буга чейин, бул фонддун өкүлдөрү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын жана ИИМдин коллегиясынын чечиминин талаптарын аткаруу максатында Күзөт кызматынын жетекчилигинин колдоосу менен өздүк курамга “Бакдөөлөт” коомдук фондунун мүчөлөрү тарабынан “Атуулдук милдет”, “Улуттун уулу болуу”, “Мамиленин жашоодогу орду”, “Кут. Кутту уютуу жана демдин күчү. Улуттун деми” деген аталыштагы бир нече лекцияларды өткөрүшкөн.

Андан сырткары, жакында ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси милициянын полковниги Каныбек Абдырахмановдун жана орун басарларынын, ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын жана Бишкек шаарынын Күзөт бөлүмдөрүнүн, түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, кызматкерлеринин катышуусунда “Бакдөөлөт” коомдук фондунун президенти Мелис Мураталиев тарабынан “Манас” эпосундагы буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактылар белгиленип, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча лекцияларды өткөргөн.

Бүгүн, бул иш-чараларды аймактарда да өткөрүүнү ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов колго алып, “Бакдөөлөт” коомдук фонду менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы күзөт кызматынын кызматкерлерине уюштурганы кетишти. Белгилей кетсек, жогорудагы лекциялар өлкө башчысынын жарлыктарынын, ИИМдин коллегиясынын чечимдеринин талаптарын аткаруу максатында уюштурулуп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button