Саясат

Садыр Жапаров: Башыбызды бийик көтөрүп сыймыктангыдай жана ар бир тарыхый доордон сабак алгыдай бай тарыхыбыз бар

«Башыбызды бийик көтөрүп сыймыктангыдай жана ар бир тарыхый доордон сабак алгыдай бай тарыхыбыз бар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Ош шаарында өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө жана Кыргызстандын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертте.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу калайык калк!

Ордолуу Ош шаарынын тургундары менен меймандары!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

30 кылымдан ашуун карт тарыхты кырча баскан ата-бабаларыбыз – көз карандысыздыгы, эркиндиги, эгемендиги үчүн күрөшүп, ата салтын, эне адебин – нарк-насилин мыйзам тутуп жашап келген улуу эл! Мына бүгүн ошол аталардан урпактарына калган, бабалардан бизге аманат болгон Эгемендик майрамыбызды белгилеп турабыз.

Илим өсүп, жаңы технологиялар улам кулачын жайган сайын, кыргыз калкы даңктуу тарыхы бар улуу эл болгону ар тараптан тастыкталып барат. Демек, башыбызды бийик көтөрүп сыймыктангыдай жана ар бир тарыхый доордон сабак алгыдай бай тарыхыбыз бар. Ошондуктан, эң алды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Алмустактан бери келаткан кыргыз тарыхынын бир бөлүгү катары бүгүнкү күндө да өз орду, өз салмагы бар Ош облусу Кыргыз Республикасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келе жатат.

Ош жергеси чыгыш менен батышты байланыштырган чоң соода жолдоруна күбө өткөн. Бул жерлерде кылымдар бою маданий жана руханий тажрыйбалар жуурулушуп келген. Далай-далай атактуу тарыхчылардын, чыгыш таануучулардын, санжырачылардын эмгектеринде аты эскерилген ордолуу Ош шаары – Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Бүгүнкү күндө да Сулайман пайгамбар, Искендер Зулкарнайндын аттары менен байланышы бар, айтылуу Сулайман Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен даңазаланган, меймандостугу жана кол өнөрчүлүгү, далай сырларды ичине каткан тарыхый эстеликтери, ажайып кооз жаратылышы менен атагы чыккан, Ош жергесине дүйнөнүн чар тарабынан келүүгө кызыккандардын саны арбын.

3000 жылдан ашуун бай тарыхы бар Ош жергесинен жалпы кыргыз журтчулугунун таалайына бүткөн, Ата Мекенине кылган кызматы менен тарыхка айланган улуу инсандар чыккан.

Адыгине бий, Кубат бий, Тилеке баатыр, Ажы бий, Нүзүп бий, Полот хан, Алымкул аталык, Алымбек датка, Курманжан датка жана башка улуу инсандардын аттары алыс-жакынга кеңири таанымал.

Алардан берки мамлекеттүүлүктү түптөгөн улут аталарынын көксөөсү, аракети, тилеги менен 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлүп, элибиздин тарыхында жаңы барак ачылган. Кудай буюрса, кийинки жылы биз бул маанилүү окуянын 100 жылдыгын татыктуу деңгээлде белгилейбиз.

Кыргыз элинин тарыхында из калтырган, элине жасаган ак эмгеги бүгүнкү күнгө чейин узун сабак уламыш болуп айтылып келе жаткан чыгаан инсандарыбыз бар. Кечээги эле соңку тарыхтагы Гапар Айтиев, Муса Адышев, Сооронбай Жусуев, Рыспай Абдыкадыров, Насирдин Исанов жана башка аталарыбыз не деген кыйчалыш кырдаалдарды баштан кечирип, кажыбас кайрат, темирдей эрк менен улуу максаттарга жетишкендиги бизди ар дайым шыктандырат.

Быйыл мына ушундай улуу жана узак тарыхы бар элибиздин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Насирдин Исанов соңку тарыхыбызда өз орду бар инсан экендиги менен сыймыктанабыз. Анын ишине болгон мамилеси, терең билими жана көрүнүктүү жетишкендиктери биздин мамлекеттин тарыхында унутулгус из калтырды. Улут үчүн жасалган улуу эмгектер унутулбашы үчүн Насирдин Исановго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылып олтурат.

Ата Мекенибиздин чыныгы атуулдарынын ордун татыктуу белгилешибиз абзел. Себеби мындай улуу инсандардын басып өткөн жолу чыйралуунун, дем берүүнүн орошон булагы болуп, тарыхтын улам бир жаңы барагын өздөштүрүүдө кийинки муундун жигер-кайратын арттырып гана жүрүп отурат.

Баарыңыздарды мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө салым кошуп, аркасында жаркын из калтырган Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Ардактуу агайын-туугандар!

Эгемендигибиз басып өткөн жолубузду: ийгиликтерге кантип жетишкендигибизди, кыйынчылыктарды кантип жеңгенибизди жана жаркын келечек курууга багыт алганыбызды ар дайым эскертип турат. Бул мезгил аралыгында бир топ оош-кыйыш окуялар болуп, кетирген каталардан улам сабак алып, улам такшалып олтуруп, ийгиликке жетүү үчүн илим, билим, мыкты тажрыйба, чечкиндүүлүк, саясий эрк жана стратегия керек экенине ынандык. Азыр бизде аталган сапаттардын баары жетиштүү. Сиздерге белгилүү болгондой, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган стратегиялык документ катары “2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы” да бар.

Учурда дүйнөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда өлкөлөр ортосундагы өз ара байланыштар, өз ара аракеттенүүлөр негизги роль ойногон заманда жашап жатабыз.

Биз глобалдык чакырыктарды биргелешип чечүү жолдорун издей турган эл аралык уюмдардын жана форумдардын маанилүүлүгүн жакшы түшүнөбүз. Өлкөбүз бул жаатта өзүнүн позициясын бекемдөө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында бир топ эл аралык жана региондук интеграциялык процесстерге активдүү катышууда. Тышкы саясатыбыз Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулуктун жигердүү катышуучусуна айландыруу, чечимдерди кабыл алууга жана маанилүү маселелерди чечүүгө салым кошууга багытталган.

Кыргызстан көптөгөн саясий, экономикалык жана маданий агымдардын кесилишинде турат. Биздин стратегиялык приоритетибиз – коңшу мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Биз аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту ар дайым жактап келгенбиз. Чыр-чатактарды жөнгө салууга жана тынчтыкты сактоого багытталган эл аралык демилгелерге жигердүү катышууга даярбыз.

Коомубуздун маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп этностор аралык ынтымак саналат. Биздин жалпы милдетибиз – бул баа жеткис байлыкты сактоо жана өнүктүрүү!

Маданиятыбыз жана каада-салттарыбыз канчалык ар түрдүү болбосун, биз, баарыбыз – Кыргызстандын атуулубуз, кыргыз жараныбыз. Бул жалпы иденттүүлүк бизди бириктирип турат. Жалпы кызыкчылык, жалпы максатты көздөгөндө гана жаркын келечек кура алабыз.

Акыркы эки жылда эбегейсиз зор иштер жасалды, кыялдар орундала тургандыгын далилдедик. Ондогон жылдар бою кыял болуп, кагаз жүзүндө гана чагылдырылган ири долбоорлорду ишке киргизе алдык. “Кумтөр” алтын кени кайтарылып, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мега-долбоорлор ишке ашырылууда. Бул биздин колубуздан иш келерин, кадрдык жана ресурстук потенциалыбыз бар экенин тастыктайт.

Ошентип өлкө экономикасы чыңдала баштады, ал ички дүң продукциянын, эмгек акынын, инвестиция агымдарынын өсүшүнөн, жумушсуздуктун азайышынан, бизнес чөйрөсүнүн өсүү темпинен көрүнүп турат.

Биз келечекке оптимизм жана үмүт менен карайбыз. Кудай буюрса, биринчи кезекте экономикалык туруктуулукту, ар тараптуу жана туруктуу өсүштү мындан ары дагы бекемдейбиз. Келечектүү тармактарга инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштер мындан ары да күчөтүлөт. Билим менен илимди өнүктүрүүгө мындан ары да басым жасалат. Илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүүнү колдоо аркылуу ар бир жараныбызды тез өзгөрүп жаткан заманда атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыз кылуу аракетиндебиз. Биздин максат – бардык жарандардын татыктуу келечегин камсыз кылуу!

Биз сиздер менен чогуу өнүккөн Кыргызстанды курабыз!

Урматтуу мекендештер!

Мүлдө кыргыз калкы үчүн Көз карандысыздыктан өткөн дөөлөт жок. Эркиндикти кылымдар бою аздектеп келген элдин урпактары катары Эгемендигибизди чыңдоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин сезип-туя билели!

Көз карандысыздыгыбызга сыймыктанып, Кыргызстандын жаркын келечегине бекем ишеним артып, алдыга умтулалы!

Эркиндиктин эн тамгасы болгон байрагыбыз бийик желбирей берсин!

Майрамыңыздар менен урматтуу мекендештерим!”.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button