Экономика

Кыргызстандын кондитердик азыктары көбүнесе ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот

Кыргызстанда ундан жасалган кондитердик азыктар көбүнесе ЕАЭБ мамлекеттерине — Россия менен Казакстанга экспорттолот.

Статкомдун маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарымында чет жакка 14 миллион долларлык товар жөнөтүлгөн. Мында кеп торт, пирожное жана таттуу токоч тууралуу болууда.

Экспорттун 83 пайызы Казакстанга, 13 пайызы Россияга кеткен. Азыктардын эки пайызы Монголияга, 1,5 пайызы Өзбекстанга жана бир пайызга жетпеген көлөм Кытайга жөнөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button