Экономика

Финансы министрлиги: Билим берүү тармагына 33,9 млрд сом бөлүндү

2023-жылга республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерине такталган жылдык планга ылайык 52 млрд каралган.  2022-жылга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу финансы министрлигинен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө 33,9 млрд сом каржыланды.

Алар:

— эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө 32,8 млрд сом;

— билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын «Тамак-аш» беренеси боюнча чыгашалар 454 млн сом;

— билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70,9 млн сом;

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152,0 млн сом;

— мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;

— мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4,8 млн сом;

— «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1,8 млн сом;

— билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114,1 млн сом суммасында;

— Мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button