КоомМаданият

Бишкекте IX «ART-ORDO – 2023» эл арлык театралдык фестивалы өтөт

23-30-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында IX «ART-ORDO – 2023» эл арлык театралдык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр ишмерлеринин башын бириктирген эл аралык фестиваль СССРдин эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналат.

Фестивалды Маданият министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлери союзу уюштуруп, ал ТҮРКСОЙ уюму тарабынан колдоого алынууда. Ага Азербайжан, Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын театрлары катышуусу күтүлүүдө.

Фестивалдын максаты – театралдык искусствону жайылтуу, көрүүчүлөрдүн жаш муунун заманбап сахналык искусствонун мыкты үлгүлөрүнө тарбиялоо, театр ишмерлеринин кесиптик тажрыйба алмашуусуна дем берүү, алардан коомдогу ордун жогорулатуу жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.

“ART-ORDO 2023” фестивалы сынактык негизде өтүп, калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына фестивалга катышкан өлкөлөрдүн алдыңкы театр ишмерлери (сынчылар, театр таануучулар, драматургдар, режиссерлор, актерлор жана сценографтар) кирет.

Фестивалда «Мыкты спектакль», «Мыкты режиссура», «Мыкты сценография», «Мыкты музыкалык коштоо», «Эркектин мыкты ролу», «Аялдын мыкты ролу», «Экинчи пландагы мыкты актер», “Экинчи пландагы мыкты актриса”, «Мыкты актёрдук ансамбль”, «Мыкты эпизоддук роль”, “Мыкты дебют” жана башка номинациялар боюнча мыктылар тандалат. Ошондой эле фестивалдын калыстар тобунун чечими боюнча фестивалдын катышуучуларына атайын сыйлыктар ыйгарылышы мүмкүн.

Фестивалга катышууга КМШ өлкөлөрүнөн жана чет өлкөлөрдөн профессионалдык драма театрлар чакырылган. Ар бир өлкө акыркы эки жылда коюлган бир же эки спектакль менен бир же эки театр тобу менен катыша алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button