Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияздын мектеп-үңкүрүндө реконструкциялоо иштери жүрүп, айланасы көрктөндүрүлүүдө.
19-кылымда алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз дал ушул үңкүрдө балдарга билим берген.
Мектеп-үңкүрү Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилет. Мындай маалыматты журналист, «Молдо Нияз мурастары» коомдук фондунун өкүлү Азамат Абсаттаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн.