Коом

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын ИДПсы 2024-жылы 1,4 трлн сомду түзөт деп болжолдонууда

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, анда отурумдун күн тартибинде алты маселе каралды.

Алгач “Кыргызстандын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору каралды.

Бул багытта Финансы министрлигинин маалыматы угулуп, өлкөнүн 2024-2026-жылдарга мамлекеттик башкаруу секторунун (консолидацияланган бюджети) бюджетинин параметрлери жана тиешелүү мыйзам долбоорун макулдашуудан өткөрүү бекитилди.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров план боюнча 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 млрд сомду түзөөрүн билдирди.

“Урматтуу кесиптештер, быйыл айына 45 млрд сомдон таап жатсак, 2024-жылы тапканыбыз айына 50 млрд сомдон аз болбошу керек. Демек, иштер мындан дагы катуу жүрөт. Ал эми ал каражаттарды өздөштүрүү андан дагы ылдам жүрүшү керек. Ишти ар кимге түртө салбай, ыкчам чечип, кескин чечимдерди кабыл ала билүү жоопкерчилиги министрлерде эки эсеге жогорулайт”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров белгилегендей өлкөнүн ички дүң продукциясы “2024-жылы 1 трлн 464 млрд сомду түзөт” деп болжолдоп жатканын айтты.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “келерки жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 20,0 млрд сомго пландалып” жатканын кошумчалады.

“Биз орто мөөнөттүү бюджеттин профицитин болжолдоп жатабыз. Орто мөөнөттүү мезгилге бул профициттин негизги себептери болуп бюджеттин өздүк кирешелеринин көбөйүшү, ошондой эле бюджетти колдоонун алкагында тышкы түшүүлөрдү тартуу тенденциясынын төмөндөшү саналат. 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бюджеттик колдоонун алкагында берилүүчү кредиттер жана гранттар боюнча суммалар жок. Ошентип, биз өзүбүздүн булактарга таянабыз”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Отурумдун күн тартибиндеги экинчи маселеси Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, зарыл болгон иш шарттарын камсыз кылуу жана кызматкерлерин социалдык коргоо максатында жаңы чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары “Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, кылмыш иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине конфискацияланган мүлктү, ошондой эле ээси жок, кароосуз мүлктү эсепке алуу, баалоо, сатуу жана жок кылуу механизми бекитилди.

Айыл чарба тармагында болсо эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары курулуш жаатында ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жактырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отурумдун соңунда министрлер кабинетинин алдында пенсиялык реформаны жүргүзүү милдети турганын, билим берүү, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгуу, бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын орноштуруу маселелери турганын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button