Коом

УКМК: Аткезчиликке бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен чектеш мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп жаткан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР УКМК тарабынан УКМКнын Чек ара кызматынын аймактык бөлүмдөрү, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте, 2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампа жайына текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тиешелүү коштоочу документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылып алынды.

Тактап айтканда, 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү.

Учурда ведомстволор аралык топ кармалган товардын баасын эсептөөдө, ошондой эле кылмыш ишин козгоо үчүн иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

КР УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жана дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button