Кеңеш

Адистер сасык тумоодон сактануунун жолдорун айтып беришти

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору сасык тумоону, курч респиратордук вирустук инфекцияны (КРВИ) алдын алуу жолдорун эскертти.
Борбордон белгилегендей, адам сыркоодон алыс болушу үчүн биринчи кезекте организмди чыңдап, аны «бышырышы» керек.

«Уйкуну кандырыңыз, жумуш менен эс алуунун режимин сактаңыз, таза абада көп сейилдөөгө аракет жасаңыз. Суук түшкөндөн баштап сейилдөөгө чыкканда жылуу кийинген оң, себеби үшүп калуу да жогорудагы ооруларга кептеши мүмкүн. Жолдо бутуңуз суу болуп калса үйгө келериңиз менен ысык сууга салып туруңуз. Мындан тышкары, туура тамактануу да ооруну алдын алат. Күнүмдүк азыкка А, С витаминдери, цинк, кальций бар тамак-аштарды киргизиңиз. Мисалы, цитрус өсүмдүктөрү, киви, мөмө кактары, сүт азыктары, балык, уй эти болушу керек. Жылуу сууну көп ичиңиз”, — дешет адистер.

Дарыгерлер киши көп топтолгон коомдук жайларга бара жатканда бет кап же жүз арчы алып алууну эскертишкен. Анда адамдар чүчкүрүп, жөтөлүп жаткан болсо ооз-мурунду жаап туруу сунушталат.
Ошондой эле борбордун маалыматында сасык тумоо менен КРВИден коргонуунун оң жолу – эмдөө алуу экендиги айтылат. Эмдөө медициналык мекемелерде, дарыгердин дыкат текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана берилиши керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button