КоомМаданият

Бишкекте тарыхчы, этнограф Айымкан Жаманкулованы эскерүү кечеси өттү

Бүгүн Бишкекте КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы, этнограф, “Ак Саамай” элдик фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү Айымкан Жаманкулованын 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданий жана коомдук ишмерлер, Айымкан Жаманкулованын замандаштары, шакирттери жана жакындары катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Айымкан апа нарк-насилди билген, чарбалык маданиятты терең өздөштүргөн, кеменгер кеби даяр, сөзү менен гана эмес жүрүм-туруму, кылган эмгеги менен башкаларга үлгү болгон инсан болгонун, кыргыздан чыккан Каныкей, Айчүрөк, Курманжан датка, Өлбөскан Атабекова, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу даңазалуу апалардын катарында Айымкан Жаманкулова дагы бар экендигин баса белгилеп өттү.

Сөз алып сүйлөгөн инсандар Айымкан Жаманкулованын турмуштук насааттарын, пейилин, кулк-мүнөзүн, жасаган эмгектерин эскеришип, сүйлөгөн сөзү салмактуу, үрп – адат, салт-санаабызды жакшы билген, кайраттуулугу, калыстыгы жагынан алдына киши салдырбаган мыкты тарыхчы, этнограф Айымкан Жаманкулова бүгүн биздин жаныбызда жок болсо да, анын кылган эмгектери, маданиятына кошкон салымы дайыма эсте болорун айтышты.

Кеченин соңунда «Айымкан Жаманкулова атындагы коомдук фонду» тарабынан атайын сыйлыктар, ыраазычылык каттар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Өрнөктүү өмүрдүн ээси Айымкан Жаманкулова .Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, Ала-Бука районунда мектеп директору, техникалык окуу жайынын директору, Ала-Бука райком партиясынын инспектору, Чүй облусунун Сокулук районунда мугалим, мектеп директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 2005-жылдан баштап райондук маданият бөлүмүндө усулчу, башкы адис, маданият бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Өмүрүнүн аягына чейин өзү түзгөн “Аксаамай” элдик фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон.

Ала-Бука районундагы Жапа-Салды айылында тарых музейин, согуштан кайтпай калган аталарга арнап эстелик тургузууга, Сокулук районунда Зууракан Кайназарова, Нуркамал Жетикашкаева, Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейлердин ачууга зор салым кошкон.

“Адеп башаты – ападан”, “Талант тамыры- элде”деген долбоорлорду негиздеген. Көптөгөн республикалык, облустук, фестивалдарды, кароо-сынактары уюштурган. Эл, жердин тарыхын камтыган “Сырын каткан Алтын-Така”, “Рахманкул хан” “Жер энеси — Зууракан” аттуу китептерди жазган.

Айымкан Жаманкулованын эмгеги бааланып, “Эл агартуунун отличниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамдары берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button